• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Мурдагы министр Кутманова камакта калды

18 Бештин айы 2023 15:16 Бишкек Govori.TV

Мурдагы экология министри Динара Кутманова камакта калды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эске салсак, УКМК 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, Динара Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп айыпталууда.

Количество просмотров: 111