• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады

20 Бугу 202017:43 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасындагы маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-майда кол койгон.

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинен 15 млн 480 миң сом каралган.

«Буга чейин маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлеринин айлык акысы да 80%га жогорулаган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 124