• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 30 миң жумуртка жок кылынды

17 Чын куран 2024 12:32 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда мыйзамсыз ташылып келе жаткан 30 миң даана жумуртка жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунда өлкө аймагына аткезчилик менен ташылып кирген товарлар менен күрөшүү жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 30 миң даана жумуртка жүктөгөн «Мерседес-Бенс» автоунаасы кармалган.

Жумурткага ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жана маркировкасы жок экендиги аныкталган. Аталган жүк Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Исхак-Полоткан айыл аймагында жок кылынды.

Теги:
Количество просмотров: 89