• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Казакстандан тоок этин алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди

9 Тогуздун айы 2018 17:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.10.2018. Govori.TV
Кыргызстанга Казакстандан алынып келүүчү тоок этине убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тоок этин импорттоого чектөө киргизүүгө «Алматы облусундагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады» деген шек саноолор себеп болгон. Жогорудагы маалыматтар текшерилип, аныкталган соң гана чектөө алынат.
Аталган мекеменин өкүлү Төлөнбай Ырысалиев төмөндөгү азыктарга чектөө киргенин кошумчалады. Импорттоого тыюу салынган азыктардын тизмесине тоок этинен жасалган тоюттар, тоок этин бөлүктөргө бөлгөн жана аларды сактоо үчүн колдонулган эски жабдыктар. Ошондой эле   тирүү канаттуулар, инкубация жолу менен алынган жумурткалар,   тоок эти, меланж, альбумин, жумуртка порошогу куштун канаттары кирген.

Количество просмотров: 17