• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Нарын ОИИБдин 7 кызматкери коронавирус жуктурган

8 Бугу 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 22ге жетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-майда онлайн брифингде билдиргендей, алар илдетти негизинен кызмат учурунда жугузуп алган.

«Алгач 12 кызматкерге жуккан, кийин дагы үчөө аныкталган. Эми азыр дагы жетөөнөн табылды, алар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери. Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Көбүнчө жумуш учурунда жугузгандар жана контакт болгондор», — деди ал.

Буга чейин прокуратуранын бир кызматкери оор абалда жатканы кабарланган. Үсөнбаев бүгүн анын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты

Количество просмотров: 118