• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Бийликти басып алууга чакырык жасаган» деген шек менен дагы бир жаран кармалды

18 Теке 202413:41 Бишкек Govori.TV

Кармалган жаран буга чейин Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын биринен талапкер болгон, бирок жетиштүү добуш алган эмес. Расмий кабарда шектүү кайсы партиянын мүчөсү экени тууралуу маалымат жазылган эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 18-июлда билдиргендей, ал «узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл мүнөздө пост, комментарий жазып, шилтемелерди бөлүшкөнү үчүн» кармалды. Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти басып алууга чакырык жасоо) иш козголду.

Лингвистикалык жана саясий экспертизалардын жыйынтыгында анын интернетке жарыялаган постторунда жапырт башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар деп табылган. Тыянакты Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы чыгарган.

Теги:
Количество просмотров: 143