• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарында балык уулоого кеткен эки адам изделүүдө

9 Кулжа 2020 9:56 Бишкек Govori.TV


Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 тургуну 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалым болгондой ,алар Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча кайтып келишкен эмес.

«5-июнда Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундары Көкөмерен дарыясына балык уулоого кетишкен. Алар ошол күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат аймактык куткаруучулар бөлүмүнө келип түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган. Издөө улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 177