• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарында Садыр Жапаров милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды

9 Жетинин айы 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров, ички иштер министри У.Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.Ашимбаев, Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги У.Аалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр С.Жапаров кызматкерлерге батирлердин ачкычтарын тапшырып, жаңы салынып бүткөн турак-жай менен таанышып, калоо-тилек айтып өттү.

Ошондой эле келген конокторго сөз берилип, жаңы батирлүү болгон кызматкерлерди кызуу куттуктап кетишти.

Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин турмуш-тиричилигин жакшыртуу жана иштөөгө шарттарды түзүп берүү боюнча Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнө атайын кызматтык үй куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Бөлүнүп берилген жер тилкесине 60 батирлүү үй курулган. Анын ичинен 45 батир бир бөлмөлүү, 15 батир эки бөлмөлүү.

Батирлерди таратууда кызмат учурунда куралдуу кылмышкердин колунан курман болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө, көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар кызматкерлерге жана кезекте турган кызматкерлерге бөлүнүп берилди.

Количество просмотров: 84