Бүгүн, 14-майда, Нарын шаарында аныкталган COVID-19 илдетинин 15 учуру боюнча Республикалык штаб маалымат таратты.
Ага ылайык, оору жуктургандардын сегизи — жаңы төрөгөн аялдар, бирөө — медицина кызматкери, алтоо — туугандары менен байланышта болгондор.
«Бардык бейтаптар учурда Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык», -деп айтылат маалыматта.
Штабдан белгилешкендей, Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен жана 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө болууда. Оорукана толук дезинфекцияланып, ал жерде иштеген кызматкерлер алмаштырылган жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлгөн.
«Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медицина кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган», — деп айтылат маалыматта.