• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарында Жер ресурстары агенттигинин кызматкерлеринен вирус чыкты

21 Бугу 2020 11:36 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алты кызматкеринен коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингдеги айтканына тактоо киргизип билдирди.

Белгилей кетсек, министрликтин өкүлү вируска Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кабылганын айткан болчу.

Маалыматка ылайык, бир суткада Нарын облусу боюнча сегиз кишиден вирус аныкталган. Анын алтоо Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мекемесинин аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү болуп чыкты. Учурда дарыланып жатышат.

Количество просмотров: 46