• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарында жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

3 Бештин айы 20219:07 Бишкек Govori.TV

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-декабрда саат 21:08 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 1056