• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Нарында жол кырсыгынан 60 жаштагы аял көз жумду

29 Баш оона 201814:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жол кырсыгы болуп, 60 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы айылынын 35 жаштагы тургуну Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан аялды эки небереси менен сүзгөн. Окуя болгон жерден 60 жаштагы набыт болгон.

Ал эми анын жанындагы 7 жаштагы небересинин буту санса, 8 айлык наристеси жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Количество просмотров: 57