• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Нарындын мугалими депутаттарды такалады

30 Аяк оона 201911:02 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү эл менен жолугушуу болуп, ага келгендер эл өкүлдөрүнө бир катар суроолорду беришти.

Анда жыйынга келген мугалим алардын айлык-акысы тууралуу сөз козгоп, өзүнүн нааразычылыгын айтып өттү.

«Мектеп администрациясына жетекчилик болуп турганы үчүн эмгек стажы кошулуп, ал эми жөнөкөй сабак бергендерге кошулбай жатат, биз токолдун да балдары болбой жатабыз», — деген мугалим маяна маселесин карап берүүнү өтүндү.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков жана Алтынбек Жунус уулу, өкмөттүн 8 өкүлү катышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=ImpGq8QWzcM&feature=youtu.be
Количество просмотров: 22177