• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ниязов: УКМК каза болгон жоокерди «Альфанын» ишке ашпай калган операциясына күнөөлү кылгысы келип жатат

14 Аяк оона 2020 14:21 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов билдирүү таратты. Анын кайрылуусун Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Анда Ниязов Кой-Ташта болгон атайы операциянын ишке ашпай калуусундагы жоопкерчиликти каза болгон жоокер Ниязбековго артып коюу аракети болуп жатканын айткан.

«Сотто азыркы учурда 7 спецназ кызматкерлери суралып бүттү. Жана азыр эле УКМК тарабынан «Альфанын» ишке ашпай калган операциясына болгон күнөөнү каза болгон жетекчиге оодаруу аракети болуп жатат. Жоокерлер көрсөтмөлөрүнөн адашып жатышат, мындан улам аларга карата басым болуп, өздөрүнө керектүү нерсени айттырып жатышат десе болот. Судья менен прокурорлор көрсөтмө берип жаткандардын түз адвокаттын суроосуна жооп берүүсүнө тоскоолдук кылышууда», — деп жазат ал билдирүүсүндө.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=361972308502204&set=a.103683624331075&type=3&theater

Эске салсак, 2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта. Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат.

Количество просмотров: 127