• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нур-Султанга айланган Астана… Кытайдан келген ыстакан…

22 Жалган куран 2019 16:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV

Бул жума окуяларга бай болду. Адегенде эле «Аксы курмандыктарын эскерем» деп элди чогултуп алган Алмазбек Атамбаев Кытайдан алып келген рюмкасын кеп кылып, учурдагы президент менен стакан кагышып жүргөнүн эстеди.

А түгүл, Жогорку Кеңештин депутаттарына «ат коюп боо такты…»

Алдастай түшкөн эл өкүлдөрү кечээ араң эстерин жыйып, Спикер Дастан Жумабеков экс-президентке жооп кайтарганга жарады.

Бул арада чек ара маселеси бир аз жеңилдеп, бир катар шарттар менен жол ачылды. Эл өкүлдөрү талашып-тартышып отуруп, чек ара маселеси эки жумадан кийин араң каралмай болду.

Өкмөт башчынын Жогорку Кеңештин жыйынына келбей калганы катуу талкууга алынгандыгы менен иши деле жок премьер-министр Абулгазиев Ошту кыдырып, акимдерди «алган баладай болуп турасыңар» деп каарыды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сотторду тозок менен коркутканы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тагдырына таасир береби жокпу ким билет? Апрель айында Ата Мекен партиясы атайын митинг өтөөрүн кабарлады.

Албетте, бул жуманын жаңылыгы Казакстанды отуз жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин президенттиктен кетиши болду окшойт.

Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев президент катары ант берип, Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева анын ордуна барып, Астана Нур-Султан аталып калды.

Элбасы, «Нур Отан» партиясынын лидери, Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калган Нурсултан Назарбаев тууралуу талкуу Евросоюздун төрагасынан баштап, фейсбукчуларга жүрүүдө. Кандай болгон күндө дагы Казакстан Нурсултан Назарбаевдин бир доорунан экинчи дооруна багыт алды.

Албетте, мына ушундай ири саясый жаңылыктар менен кошо кыргызстандыктар Нооруз майрамын тозду.

Келе жаткан жума жаңыланууну тазарууну алып келген, саясаты арбын болбосо дагы тынчтыкты токчулукту жар салган жакшы күндөрдөн болсун деп тилек кылалы.

Теги:
Количество просмотров: 32