«НУР Телекомдун» төрт кызматкеринен коронавирус аныкталды. Маалыматтарга ылайык, коронавирус аныкталган кызматкерлер учурда изоляцияда.
«Бекитилген алгоритмге ылайык илдет табылгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүруп жатат. Ал эми башка кызматкерлер анализдерди тапшырышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабына ылайык, кеңсени тазалоо иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.