• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нурбек Кожобеков, бел боо күрөшү боюнча КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери: «Ыкчамдыкты күчөтүп, атаандашымды тез утканга аракет жасайм»

13 Аяк оона 2018 19:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV
Бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону, ошондой эле Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон жана   Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун үч жолку чемпиону Нурбек Кожобеков «GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттигине  маек курду.

На данном изображении может находиться: 1 человек

Биринчиден өзүңүз тууралуу  тааныштыра кетсеңиз?
Мен  Талас облусуна караштуу Бакай-ата районундагы Кыргызстан айылында 1988-жылы жарык дүйнөгө келгем. Үй- бүлөдө төрт бир тууганбыз. Эки уул жана эки кыз. Учурда үй-бүлөм менен  Бишкек шаарында турабыз.
Балалык чакка кайтсак… мектепте кандай окуучу элеңиз? Тентек белеңиз же…
Бала кезде тентек элем. 5-класска чейин мектепте атаман талашып урушкан күндөр болду. Анан кийин чоңойгондо урушпай деле калдык. Сабактардан дене тарбия, кол эмгек сабактарын  жакшы көрчүмүн. Ал эми англис тили жана орус тил сабактарынан  чынын айтсам  анча эмес элем.
Кайсы кесиптин ээсисиз?
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу адистигин аяктагам.
Спорт дүйнөсүндө канча убакыттан бери  жүрөсүз?
Эс тарткандан тартып эле  айылда машыгып жүрчүмүн. 2008-жылы  Бишкек шаарына келип, дзюдо жана самбо менен машыгып, анан кийин бел боо күрөшү боюнча машыгып баштадым.
Деги эле спорт тармагына кантип аралашып калгансыз?
Спорт тармагына  өзүмдүн айылдаш  байкемдин жардамы чоң. Ошол байкем аркылуу  күрөшкө кызыгып  калгам.  Негизинен эле кыргыз күрөш Талас облусунда тактап айтканда биздин Кыргызстан  айылында аябай  өрчүгөн.  Ар бир той-аштарда  өткөрүлүп, ал жерде күрөшкө чыгып  жүрүп, күрөшкө болгон  кызыгуум арта түшкөн.
Спорттогу ийгиликтериңиз тууралуу айтып берсеңиз?
2008-жылы  Кыргыз Республикасынын спорт чебери,  2009-жылы дүйнөлүк чемпионатта  бел боо күрөшү боюнча Азияны уттум.  2010-2011-жылдары дзюдон республикалык чемпионатты утуп, спорт чебери, 2013-жылы  Татарстандын Казань шаарында  студенттер арасында чемпион болгом. Ал эми  көчмөндөр оюндарында  кыргыз күрөшүндө үч жолу биринчиликти алып, алтын медалдын ээси болдум.
Деги эле ар бир  балбандын спорттук ыкмалары болот эмеспи. А сиздин кандайдыр бир күрөшүүдө башкалардан  өзгөчөлүк ыкмаларыңыз  барбы?
Ооба, туура айтасыз. Ар бир спортчунун өз ыкмасы бар. Менин башкалардан өзгөчөлөнүп,  биринчи ыкмам  жамбашка алуу аркылуу атаандашымды  чабам. Анан ыкчам, тез аракетти колдонуп, эртерээк утканга аракет кылам. Эң башкы өзгөчөлүгүм ушул.
Азыркы учурда шакирттериңиз барбы?
Буйруса, машыктыруучу болгонума үч жылдын жүзү болду.  Жалпысынан кырк баланы машыктырам.  Учурда даярдаган шакирттерим эки жолу  көчмөндөр оюнунуна катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
  Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?
Спорттон тышкары майда-чүйдө үй жумуштары менен  эле алектенебиз. Бирок, көпчүлүк убактымды спортко жумшайм.Окуучуларымды машыктырам дегендей.
Спорт тармагы менен жан багып кетүүгө болобу?
Спорт-бул убактылуу нерсе. Аны менен түбөлүктүү жан багууга болбойт. Андыктан ал күчүн бар кезде, өзүңө шарт түзүп алсаң болот деген ойдомун.
  Келечекте саясатка аралашуу пландарыңызда барбы?
Саясатка аралашам деген деле оюм жок. Келечекте   жаш спортчуларды  даярдап, спорттук мелдештерге жиберсем дейм. Алардын жеңиши мен үчүн эң жакшы жетишкендик деп билем.
Сизге киного сунуш түшсө кабыл алат белеңиз? Макул болсоңуз кандай киного жана кандай жанрдагы киного тартылат элеңиз? 
Бул жөнүндө ойлонуп деле көрбөпмүн.  Анткени киного тартылганды жактыра бербейм. Бирок, кино көргөндү жакшы көрөм. Айрыкча  Жеки Чандын кинолорун жакшы көрөм.
 Спорттон эмне таба алдыңыз?
Спорттон көптөгөн  ийгиликтерге жетиштим жана жакшы досторду күттүм. Спорт аркылуу элге таанылып, эл-жер көрүп жатам. Деги эле спорт адамдын жүрүм-турумун  жана ден-соолугун  чыңдайт эмеспи. Андыктан  эң негизгиси спорт менен машыгып,  ден соолугумду бекемдедим.
Негизи эле спортчулар сүрдүү  көрүнүшөт. А сиздин жашоодо мүнөзөңүз кандай?
Мүнөзүм  жумшак,  ак көңүл, боорукер, кечиримдүүмүн.
Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз. Быйыл спортто кандай максаттарыңыз  бар?
Кудай буйруса, ушул жылдын ноябрь айында  Бишкекте менин атыман окуучулар арасында турнир өткөрүлгөнү жатат. Ал жерде жети облусттан жаш өспүрүмдөр келип катышканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андыктан аларга күрөштүн өзгөчө ыкмаларын көрсөтүп,  жакшы турнир өткөрүп берсем деп аракет кылып жүрөм.
Өкмөт жактан спортчуларга жакшы эле көңүл бөлүнөбү? Айтайын дегеним, сиз кыргыз элине  бир нече жолу жеңиш алып келгенсиз, өкмөт тараптан кандай ыраазычылыктар болду?
Өкмөт жактан жакшы эле жардамдар болуп жатат. Ал  эми буга чейин көңүл бөлүнчү эмес.  Акыркы жылдары кудайга шүгүр дейбиз. Анткени  үй  бербесе дагы, акчалай сыйлыктарды берип жатат.
 Биздин маек  кыргыз элине каалоо-тилек менен жыйынтыкталсын…
 Элибизде тынчтык, ынтымак,токчулук, барчылык жана молчулук болсун!  Ал эми бийликтеги адамдарга ыйман берсин. Таза  жана так элибиздин мээнетин жебей, туура жүрүшсө дейм.

Маектешкен: Алина Жапаркулова

 

Количество просмотров: 41