Жыл сайын ушул маалда Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд «Жылдыздуу жээк» поэзия фестивалын уюштурат. Маркум Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Давлетбекова төрт жылдан бери мамлекетте өзгөрүүлөр болуп жатканына токтолуп, өлкөдө мурун 9 эле тегирмен болсо, азыр 35тен ашык тегирмен иштеп жатканын айтты.
“Биздин мамлекеттин өнүгүшү үчүн экономикабыз көтөрүлүшү керек. Төрт жылдан бери көп өзгөрүүлөр болду. Жаңы имараттар, ишканалар, заводдор ачылып, имараттар курулуп жатат. 2020-жылы 9 эле тегирмен бар болсо, азыр 35тен ашуун тегирмен иштеп жатат. Себеби, 2020-жылдан бери контрабанда деген проблемага бөгөт койгон адам пайда болду. Ал УКМК төрагасы, генерал Камчыбек Ташиев. Ал контрабанданы жапканы үчүн Кыргызстанда 35тен ашуун тегирмен пайда болду. Алар бюджетке чоң салым кошуп, канча деген адамдарды жумуш орун менен камсыздап жатат»-деди.
Фейсбук социалдык тармагында “Акун” компаниясынын жетекчиси Нуржан Давлетбекованын чын дилинен сүйлөгөнүн колдоого алгандар да, тескерисинче, коркконунан мактап жатат деген пикирлер да жазылууда.