• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ок атышууда качып баратып, сууга агып кеткен». Баткенде 5 жашар бөбөк чарчап калды

3 Бугу 2021 16:19 Бишкек Govori.TV

Баткенде 5 жаштагы Абидин Турсунбаевдин өлүмү боюнча териштирүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши бүгүн, 3-майда Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

«2021-жылдын 29-апрелинде Лейлек районунун Арка айылында тажик тараптан ок атылган учурда, ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышканда Арка-2 айылынын 2016-жылы туулган Абидин Турсунбаев аттуу тургуну айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон. Бул факты 2021-жылдын 3-май күнү Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарга “Лейлек районундагы Арка айылында чек арадагы куралдуу кагылыштарда качып баратып Фергана каналына 5 жаштагы бала түшүп кетип каза болду” деген маалымат тараган.

Количество просмотров: 194