• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Октябрь районуна жаңы аким келди

29 Теке 2021 15:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык муниципалитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна жаңы башчы болуп Мирлан Эшкожоев дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Бүгүн, Бишкек шаарынын вице-мэри Руслан Акылбеков райондук администрациянын жамаатына жаңы акимди тааныштырды.

Мирлан Эшкожоев буга чейин Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Количество просмотров: 248