• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Окуу китептерин чыгарууга берилген миллиондор кумга сиңгенби?

18 Тогуздун айы 2019 11:37 Бишкек Govori.TV

Булан институтунун окуу китептерин чыгаруу боюнча чыгарган баяндамасында бул тармакта иштеген адистер бул тармактагы коррупция тууралуу айтып беришкен. Окуу китептерин чыгарууга буга чейин Дүйнлүк банк, Азия Өнүктүрүү банкы өңдүү донорлор кажат берип келишти. Ошол эле учурда эл аралык донорлор берген каражаттар майнапсыз пайдаланылып атканына мисалдар арбын. 2019-жыл ичинде эле Башкы прокуратура бул багытта бир нече кылмыш ишин козгоду. Булан институтунун баяндамасында агартуу тармагында иштеп келаткан адистер донорлордун каражаты коррупциялык схемаларга жем болуп келатканын айтышкан.

Мурдагы министр Каныбек Осмоналиевдин айтымында, окуу китептерин чыгарууда коррупциялык схемалар орун алган. “Мен 2007-жылы февралдан баштап тогуз ай министр болдум. Ошондо окуу китептерин чыгарууда чоң кылмыштык схемалар бар экенин көрдүм. Менин кызматтан кетишимдин негизги себеби да ушуга каршы турганым болду. Ошол кезде бюджеттен бөлүнгөн 80 миллион сом, мындан сырткары насыяга берилген акчалар бар болчу. Бул тармактагы коррупция болуп көрбөгөндөй масштабга жетти. 1-2-класстын математика китебин жазган Мкртчян деген киши Армениянын жараны. Бизге бөлүнгөн АБРдин насыясына Мкртчян өзүнүн Еревандагы “Зангак” деген басмаканасынан китеп чыгарып жүрөт. 2011-жылдан бери. Биз карыз алып, насыяны биз төлөйбүз социалдык төлөмдөр, салык Арменияга түшүп атат. Буга министр уруксат берет да же президент береби? Бул абдан чоң мафия жана коррупция. Мунун алдында Кумтөр, Жылуулук электр борборундагы коррупция баланын оюнчугу болуп калат. Мында келечегибизди өлтүрүп жатат” — дейт Каныбек Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиевдин айтымында, окуу китептерине келген гранттар өкмөт үчүн чөнтөктөрүн толтуруунун булагы болуп калган. “1997-жылдарда Азия өнүктүрүү банкы китеп чыгарууга эбегейсиз суммада насыя бөлгөн. 30 млн. доллар деген сумма менин эсимде бар. Мурдагы схеманын негизинде рыноктук режимге өткөндүн ордуна аткаминерлер өздөрү бизнес жасай башташты. Китептерди башка өлкөлөрдөн, Финляндиядан чыгара башташты. Ал турсун Казакстандын басмаканасына берди. Буюртмаларды ар жерлерге жайгаштырышып китептин баалулугу жоголуп, талапты ойлогон эч ким жок болуп калды. Бул кылмыштуу топ Билим берүү министрликтин өзүндө да болуп жатты. Негизги демилгени президенттин администрациясы, өкмөттүн аппараты жана жеке ишкерлер менен байланышып алып, ушул схема улам өөрчүп отурду. Буга жылына бюджеттен дагы, кредиттик линиядан дагы акча бөлүнөт. Бул айрымдарга түгөнбөгөн байлыктын булагы болуп калды” — дейт Каныбек Осмоналиев.

Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов Билим берүү жана илим министрлигинин ичинде “грант жегичтер” отурат деп билдирди. Анын айтымында, билим берүү реформасы системалуу эмес, чаржайыт, бурмаланып, көз боёмочулук менен жүргүзүлүп жатат. “Бала кезде “жылда туусам жылда жок, жылда жылан жеп коет, айда туусам айда жок, айда жылан жеп коет, күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коет” деген жомок айтылар эле. Ошол жомоктун бүгүнкү күндөгү прототиби так ушул билим берүү системасындагы көз боёмочулук ыкма, жемкордук схема болду. Бул схемалар билим берүүгө салынган канчалаган каражаттарды жигин билгизбей «жутуп» коюуда”, дейт Алмаз Токтомаметов. Анын айтымында, окуу китептерин чыгарууга жана окуу программаларды иштеп чыгууга келген каражаттарды иштетүүдө министрлик дайым убактылуу бөлүм ачат. “Долбоорду координациялоо бөлүмү деп убактылуу ачат. Ал жакка убактылуу адамдар келип отурушат, долбоор бүтөрү менен жок болушат. Ошентип эл аралык донорлордун, уюмдардын каражаттары кесипкөй «грант жегичтер» тобу тарабынан «өздөштүрүлүүдө». Окуу китептерине берилген Дүйнөлүк банктын каражатын да ошондой координациялоо деп аталган бөлүм башкарды. Мындай коррупциялык схема жоголмоюн билим берүү системасы оңолбойт,” — дейт Алмаз Токтомаметов.

Алмаз Токтомаметовдун айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен жаңы окуу программаларын иштеп чыгууга каражат келгенде бул иштен Билим берүү академиясы четтетилип калган. “Буга 30 миллиондон ашык АКШ доллары жумшалды. Баарынан кызыгы ошол кезде мамлекеттик уюм болгон Билим берүү академиясы четтетилип, ишти толугу менен министрлик түзө калган долбоорду координациялоо бөлүмү колго алды. Кийин мөөнөтү аяктагандан кийин ал бөлүмдө иштегендер жумуштан кетип калышты. Учурда ырасмий бекиген куррикулумдарды Министрликтин сайтынан да, басылган материал катарында да эч жерден табууга болбойт. Ошол куррикулумдарды берүүнү өтүнүп, Министрликке эки жолу ырасмий түрдө кат менен кайрылдым (көчүрмөлөрү бар), бирок жообу болгон жок” — дейт Алмаз Токтомаметов.

Эксперттердин айтымында, соңку жылдары билим берүү тармагын реформалоого эл аралык донорлордон өтө чоң суммадагы каражаттар келди. Бирок майнап аз болууда. Билим берүү боюнча эксперт Алмаз Бейшеналиевдин айтымында, соңку жылдары 130 миллион долларга чукул жардам келди. “Эл аралык долбоорлордон келген каражаттар, акыркы жылдары 130 млн.доллардын тегерегинде Кыргызстанга бөлүнгөн экен. Бул АӨБ, Дүйнөлүк банктан жана башкалардан. Ошол келгендердин пайдасын карап көрсөк, эч кандай деле ичти жылыткан жыйынтык жок. Мисалы, мектептер үчүн жаңы окуу программасын жазууга 30 млн.доллардын тегерегинде доллар келген. 1-класстан 5-класска чейин куррикулум жазылган. Андан жогорку класстардыкы керек болсо жазылбай калган. Документ кайда десек документ жок, акча кайда десеңер акча да жок,” — дейт Алмаз Бейшеналиев, билим берүү боюнча эл аралык эксперт.

Окуу программасын жаңылоого берилген каражаттар майнапсыз пайдаланылганын эксперт Муратбек Иманкулов да баса белгиледи. “2005-2010-жылдарда АӨБ тарабынан 30 млн. доллар бөлүнүп, ал акчаларга атайын куррикулум иштеп чыгабыз деген. Ал иштелип чыкпай 30 млн талаага кеткен. Окуу программаларынан дайын жок калды, же акчадан дайын жок” дейт Муратбек Иманкулов. Анын пикиринде, министрликтин ичинде эл аралык донорлор берген акчаларды тейлеген бир топ бар. “Эл аралык донор каражат бергенде ошол тармакты билген, билими бар кесипкөй адистерди чакырыш керек да. Андай эмес. Долбоорлорду тейлей турган өз адамдары бар. Ошолор ээлик кылып отуруп калышат дароо. Координациялык кеңештин мүчөлөрүн карай турган болсок, ал жерде да ошол адамдар бар. Конкреттүү айтсак, Марченко, Глушкова, Коротенко деген тиешеси жок адамдар олтурат. Ушул адамдар келген гранттарды бүтүн ээлеп алып жатышат дагы, алардын долбоорлору өтүп, алардын китептери жазылып, байланышкан. Мисалы, Коротенко деген Евросоюздун долбоорун алып алып, окуучулардын коопсуздугу деген китептерди чыгарышып, долбоорду алып алышты. ЮНИСЕФтин дагы долбоору бар эле, презентациясына мен да катышкам. Анда Кыргыз билим берүү академиясы менен чогуу иштейбиз деген, менде документтери дагы турат. Долбоор өткөндөн кийин министрликте турган атайын коррупциялык топ ээлеп алды дагы академияны четке сүрүп таштады. Бул көрүнүш министрликте айдан ачык. Аны коопсуздук органдар атайын текшерип, караса чыгат,” — деди Муратбек Иманкулов.

Билим берүү академиясынын мурдагы президенти Абакир Мамытовдун пикиринде, четтен келген жардамдарды калчап аткан ошол топ мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобойт.
“Эл аралык долбоорлорго болгон мамиле ар түркүн. Бирөө керек дейт, башкасы кетсин болсо башка идеологияны алып келип жатат дейт. Ошол долбоорлорду тейлеген Кыргызстанда бир топ бар. Алар мамлекеттин кызыкчылыгын менимче экинчи, үчүнчү позицияга койду окшойт. Долбоорлор менен иштеш керек. Бирок иштеген кишилер эң биринчи мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга коюш керек да,” — дейт Абакир Мамытов.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептеринин Индия, Вьетнам жана Италиядан басылышын эң арзан баа сунуштай алгандыгы менен түшүндүрдү. Эксперттер бул көрүнүштү сын менен кабыл алышууда. Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкулов бул көрүнүштү таң калычтуу деп баалады. “Окуу китептерди Индиядан анан Вьетнамдан бастырышыптыр. Кантип эле ошол жакта сапаттуу жана арзан болуп калсын? Тан калычтуу. Дегеле ушул тендер дегенди жоюш керек. Коррупциянын баары ушул жакта. Баарыбыз эле билебиз, тендерде 10%, 20% дегендер да бар, көмүскө айтылат, ал ачык эмес. Тендерден ошентип процент менен пайда көрүшөт. Бизде сонун басмаканалар бар. Алар эмнеге утпай калышты? Вьетнам же башка өлкөдө кыргыз корректорлору жок да катаны текшере турган. Анан кантип ошолорго окуу китептерин кармата беришти?” — дейт Гүлжигит Сооронкулов.

Булан институтунун баяндамаларын анын интернет баракчасынан окууга болот. Булан институту Женевада жана Бишкектери офистери бар эл аралык уюм болуп саналат.

Количество просмотров: 77