Бишкекте 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 24-ноябрында К.Г. аттуу жаран Бишкек шаарынын Ленин РИИБге белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 8:47 чамасында Жибек-Жолу менен Манас проспектисинин кесилишинде белгисиз жаран анын 2008- жылы туулган жашы жете элек жээнине кол салып, зордуктоого аракет кылганын, андан соң белгисиз тарапка качып кеткени жазылган.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37,154-беренесине ( Зордуктоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын ИИББнын жана Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1981-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.