Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында катышкан спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык тапшыруу салтанаты 09:55те башталып, иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылды.
Мамлекет күмүш байге уткан спортчу Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 10 миллион сом жана президенттин атынан Toyota RAV4 унаасы белек кылынды. Ал эми коло байге алган Мээрим Жуманазарова 7 миллион сом сый акы жана Toyota RAV4 темир тулпарын алды. Ошондой эле алар II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Белгилдей кетсек, Кыргызстандан Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган.