• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Он жолу оңдолгон Баш мыйзам. Бийлик Жапаровдун колуна топтолду

6 Бугу 2021 19:42 Бишкек Govori.TV

Жаңы Баш мыйзамга ылайык Кыргызстан 2021-жылдын 5-майынан тарта толук президенттик башкаруу формасына өттү. Жаңы бийликтин президенттик системага өтүү демилгеси башынан эле карама-каршылыктар менен коштолгон. Деген менен Жапаров Жаңы Конституция өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылганын белгилеп, алдыда аткарыла турган иштери тууралуу кеп козгоду.

Президент азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай бир дагы президенттин шыбагасына жазылбаганын айтып, экономикалык каатчылыктан чыгуу жолдоруна токтолду.
Жаңы Конституцияга ылайык, президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жакынкы күндөрдө, жакынкы арада жоюлат. Ал эми аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болот.
“Легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов Жапаровдун реформалар боюнча кайрылуусу эл арасында жакшы кабыл алынат деген ойдо.

Ошол эле учурда Жапаровдун келечекте Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү жеке менчикке өткөрүү планын Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кескин сындады.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов «президенттин Конституцияны өзгөрткөнгө саясий эрки жеткени менен ошол жаңы Башмыйзам менен иштегенге күчү жетеби, жетпейби, азырынча белгисиз» экенин айтат.
Жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык, Жапаров дароо эле “Министрлер кабинети жөнүндөгү» жарлыкка да кол койду. Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиков дайындалды.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков убадалар аткарылышы үчүн саясий эрк керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин кайрадан президенттик башкарууга кайтты. Кыргызстандын Баш мыйзамы ушуну менен онунчу ирет өзгөрүп жатат.

Количество просмотров: 385