• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нышанов: Президент жаңы Баш мыйзам менен иштеп кеттиби же жокпу 6 айда билинет

6 Бугу 2021 19:01 Бишкек Govori.TV

Президент жаңы Баш мыйзам менен иштеп кеттиби же жокпу 6 айда билинет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчынын ишмердүүлүгүнө эл дагы жардам бериш керек.

«5-майдан баштап, президенттик башкаруу формасы күчүнө кирди. Азыр жакшы ниет кылып турушубуз зарыл. Президенттин жаңы Башмыйзам менен иштегенге дарамети жетеби, жетпейби мен дагы ойлонуп жатам. Себеби бизде кадрдык потенциал бир топ начарлады десек болот. 30 жыл ичинде коррупция кулачын кенен жайды. Ошондуктан президентке дагы өтө кыйын болушу мүмкүн. Жаңы президент кошоматчылардан арылып, ачуу чындыкты айткандар менен беттешип, кеңеше турган болсо жылыш болот»,-деди Нышанов.

Количество просмотров: 137