• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Онкологиялык борбордо жаңы аппарат иштен чыкты. Оорулуулар бир ай күтүүгө аргасыз…

14 Бирдин айы 2018 8:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV
Улуттук Онкологиялык борбордо нур менен дарылоочу аппарат сынып, иштен чыкты. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Анда белгилүү болгондой, Өкмөт 2016-жылдын  октябрь айында «Росатом» мамлекеттик корпораициясына караштуу «Физика жана автоматизация боюнча илимий-иизилдөөчү институт» АКсынан брахитерапевтик “Агат-ТВ” аппаратын сатып алып, аталган борборго койгон болчу.

“Бул аппарат радиогинекология жана брахтерапия бөлүмүндө жайгашып, аялдардын гинекологиялык ооруларын дарылоого кызмат кылчу. Кечээ, капысынан бул аппараттын тетиктери сынып, учурда иштен чыккан бойдон турат. Эрежеге ылайык, мындай учурда бөлмөгө кирүүгө бөгөт коюлуп, эшигине мөөр басылат. Аппаратты калыбына келтирүү боюнча Москвадан атайын инженер келип, карап, керектен чыккан тетигин Москвага алып барып, алмаштырып келет. Келишим боюнча мындай учурда баардык материалдык чыгымдарды аппаратты койгон тарап көтөрөт”,-дейт министрликтин маалымат кызматы.
Ал белгилегендей, бул аппаратты калыбына келтирүүгө бир айга чукул убакыт талап кылынат жана бул аралыкта Улуттук онкологиялык борбор оорулуу аялдардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, күтө туруусун өтүнөт.
Количество просмотров: 24