• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Операция жасалды». Улуттук госпиталга алып келингендердин абалы айтылды

17 Аяк оона 202213:30 Бишкек Govori.TV

17-сентябрга караган түнү Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга 20 жабырлануучу келип түштү. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдирди.

«Алардын сегизи аскер кызматкерлери. Эки жаранга операция жасалды. Дагы экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. 20 бейтаптын абалы бүгүнкү күндө орто»,-деди башкы дарыгер.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуудан жалпы 103 адам жабыркап, 24 адам каза болду.

Количество просмотров: 615