Бишкек.12.12.2018.Govori.TV.
Бул жумадагы чуулгандуу окуялардын бири экс-вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүнөн жана банктык эсебинен миллиондогон акчаларынын табылышы болду. Зилалиев «Айрым мүлкүн декларацияга киргизген эмес» деп айыпталып, аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармап, сот эки айга камакка алууга чечимчыгарган.
УКМК мыйзамсыз түрдө байлык топтогон деп кармаган мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев жашаган үйдү жана ага тиешелүү объектилерди тинтүүгө алгандыгын жана ал жактан миллиондогон акча каражаттары табылганын билдирген.
Кечээ болсо Зилалиевдин өлкөдөгү комерциялык банктардын бириндеги жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы тууралуу УКМК маалымат таратты.
Ал эми бүгүн Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео боюнча “Оптима Банк” билдирүү таратып, тартылган видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, ал тасма мындан бир жыл мурун тартылган. Себеби, кардар келишимге ылайык банктагы уячанын ижара акысын төлөгөн эмес. Улуттук банктын жобосуна ылайык банк кызматкерлери уячаны ачып, андагы каражаттар алынып, ээсине берилет. Азырынча УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.