• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Опузалап акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

6 Кулжа 2022 13:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жарандан 15 миң сом опузалап акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматына 11-майда Б.Э. аттуу жаран кайрылып, Искен жана Каниет аттуу милиция кызматкерлери март айынан тартып арыз ээсинин телефонуна жүктөлгөн видеолорду таратпоо үчүн 15 миң сом акча талап кылып жатат деп арызданган.

Аталган факты 343-берене (опузалап пара талап кылуу) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

«3-июнь күнү саат 20:20 чамасында тергөө ыкчам иш-чараларынын негизинде Свердлов РИИБинин имаратынын жанында талап кылынган сумманы алуу учурунда Свердлов РИИБинин улук ыкчам өкүлү А.И. жана тергөөчүсү З.К.З. кармалды. Жеке тинтүү учурунда далил буюмдар табылган. Кармалгандар сурак жана башка тергөө аракеттеринен кийин Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, ага бөгөт коюу боюнча иштерин уланууда.

Количество просмотров: 1258