• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ормонов: Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү тынчсыздандырбай койбойт

26 Үчтүн айы 2022 16:35 Бишкек Govori.TV

Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн аздыгы тынчсыздандырбай койбойт. Мындай пикирин эл өкүлү Улукбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашыруу зарыл.

«Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчедеги аварияга байланыштуу түзүлгөн кырдаал буга чейин катталган эмес. Ал эми энергетикалык шакекче керек, ар кандай жагдай болуп калышы мүмкүн. Деген менен энергетиктер авариялык абалга даяр экенин көрсөттү. Этап менен электр энергиясы берилип, калган аймактарды жарык менен камсыздоо аракети жүрдү. Өлкөгө кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашыруу зарыл. Кэчээ күнкүдөй окуялар орун албайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошол эле учурда Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн аздыгы тынчсыздандырбай койбойт»,-деди ал.

Эске салсак, 25-январь күнү түшкө маал Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн, Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтиргенин кабарлады.

Количество просмотров: 120