• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусия: Жол кырсыгынан 13 адам көз жумду

5 Тогуздун айы 2018 15:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.10.2018. Govori.TV
Орусиянын Тверь шаарына жакын кан жолдогу автокырсык 13 адамдын өмүрүн кыйды.Кырсыктан  17 киши жабыркап, айрымдары ооруканага жеткирилген.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-октябрдын таңында кичи автобус менен автобус кагышканын, курман болгондор «Ford» үлгүсүндөгү кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана айдоочусу экенин билдирди.
Баштапкы маалыматка караганда, кичи автобус каршы тилкеге чыгып кеткен. Жабыркаган жана каза болгон жүргүнчүлөрдүн тек-жайы, окуянын жагдайы иликтенип жатат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «Азаттыкка» бул кырсыктан каза болгон же жабыркаган жарандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу текшерилип жатканын билдирди.
Белгилей кесек, Тверь шаары Москвадан 170 чакырым түндүктө жайгашкан.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 30