• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусияда кыргызстандык 1 миң 453 жаран жаза өтөп жатышат

17 Аяк оона 2018 13:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.

Орусияда кыргызстандык 1 миң 453 жаран жаза өтөп жатышат. Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин Консулдук кызматы департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү баңгизатын сатуу, жасалма документ, экономикалык кылмыштар боюнча эркинен ажырашат.

Аталган департаменттин директорунун орун басары Алмаз Букалаевдин айтымында, Түркия менен Бириккен Араб Эмиратына иш издеп кеткен кыргызстандыктар көбөйдү.

Департаментке жылына 50 миң кыргызстандык жаран кайрылат.

Количество просмотров: 24