• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Орусияда мигранттар мушташып, бир жаран көз жумду 

16 Тогуздун айы 201815:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.10.2018.Govori.TV
Орусиянын Москва шаарынан эмгектенген кыргыз жарандары мушташып, 1999-жылы туулган кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Элчиликтин маалыматына караганда, аталган окуя 13-октябрда “Макдональдс” тез тамактануучу жайында болгон. Анда  бир топ кыргыз жарандары мушташып, бычакташканга чейин барышкан. Жыйынтыгында бир бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилип, 14-октябрда көз жумду.
Учурда сөөктү мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү документтер даярдалууда. Ошондой эле бычактаган жаранга карата кылмыш иши козголду.
Количество просмотров: 50