• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусиянын мугалимдери Кыргызстанга тажрыйба алмашуу максатында келишет

6 Аяк оона 2018 15:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
Орусиядан тажрыйба алмашуу үчүн биздин өлкөгө мугалимдер келет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди.
«Орусиянын Билим берүү министрлиги тарабынан тажрыйба алмашуу боюнча сунуш келип түшкөн. Алар 1 жыл мөөнөт менен келишти. Максаты — сабак өткөндөн тышкары ар кандай жолугушууларды, семинарларды өткөрүп, мугалимдерге усулдук тажрыйбасы менен бөлүшүү болуп эсептелет. Орусия тарап бизге тажрыйбасы мол, өз билгенин башкаларга да үйрөтө ала турган мугалимдерди жибергени жатат. Биз азыр бул сунушту карап, жер-жерлердеги билим берүүнүн өкүлдөрү, педагогдор менен талкуулап жатабыз. Азырынча бир чечим кабыл ала элекпиз. Орусия да бизди шаштырган жок. Бул маселе боюнча чечим чыккандан кийин баары белгилүү болот», — деп айтылат маалыматта.
Количество просмотров: 24