• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орусиядагы кыргызстандык 26 ыктыярчы дарыгер жолго чыкты

5 Теке 2020 11:49 Бишкек Govori.TV

Москва шаарынан 26 кыргызстандык ыктыярчы дарыгер Кыргызстанга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чартердик каттам менен жалпы 424 кыргызстандык учкан.

«Алардын арасында эки жашка чыга элек 26 ымыркай, 30дан ашуун кош бойлуу келин бар. Тизмеге ар кандай категориядагы мекендештер кирди», — деп айтылат мааламытта.

Буга чейин бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, алардын учак билетинин жана бир ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын баардык чыгымдарын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов каржылай турганын билдирген эле.

Количество просмотров: 90