• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Оренбургдан 2,5 миңге жакын кыргызстандык автобус менен келе жатат

5 Баш оона 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

Оренбург облусундагы Кыргызстандын жарандары автобус менен келе жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, Оренбург облусунан Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып алуу бир нече этаптык колонна менен жүргүзүлөт. 1 миң 101 КР жаранынан турган 20 автобустан турган колоннанын биринчи партиясы кечээ күну, 4-августта кечки убакытта казак-кыргыз чек арасынан өткөн, учурда ал Казакстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатат.

Ал эми 1 миң 356 КР жаранынан турган 23 автобустан турган колоннанын экинчи партиясы бүгүн, 5-августта жолго чыкты.

Тышкы иштер министрлиги Россиянын аймагындагы КР жарандарын, Россия менен Казакстандын мамлекеттик чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат.

Количество просмотров: 793