• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккандарды милиция кармап кетти

17 Жалган куран 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. Анын айтымында, алар учурда Биринчи май РИИБге алынып келинди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында нааразылык акциясын өткөн. Алар Орусиянын Украинадагы үч жумадан бери уланып жаткан аскерий аракеттерине каршы пикирлерин билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ошондой эле борбодук Ала-Тоо аянтында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жана Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюлган. Ал эми митинг-акцияларды Бишкек шаарынын Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький атындагы скверге өткөрүүсү жөнүндө чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

Количество просмотров: 153