• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Оруссиялык альпинист Наталья Чионова Ленин чокусунан мерт болду

4 Баш оона 2018 10:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.08.2018.Govori.TV.
Оруссиялык альпинист Наталья Чионова Ленин чокусунан көз жумду. Бул тууралуу маалыматтык агенттиктер жазып чыгышты.
Оруссиялык альпинист Наталья Чионова, кыргызстандык альпинист Семен Дворниченко менен  Ленин чокусун багынткандан кийин базага кайтып жатып кар көчкү алдында калышкан.
Маалыматта, 28-июль күнү биринчи жана үчүнчү лагердин ортосунда көчкү жүрүп жатканда Наталья менен Семен үчүнчү лагерге барышкан. Аларды издеп жаткан группанын айтуусу боюнча альпинисттердин 300 метр аралыкта баскан издерин көрүшүп, биринин кол кабын таап алышкан.
Кыргыздын  белгилүү альпинисти Семен Дворниченко Ленин  чокусунан жоголуп кеткенидиги туурасында маалымат тараган. Анын жанында орусиялык альпинист Наталья Чионова болгон. Спортчулар бир нече күн бою дайынсыз болушкан.

Семен Дворниченконун сөгү дагы эле табыла элек.

Количество просмотров: 24