• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто 6 айга жете турган дары-дармектердин запасы бар

28 Теке 20209:22 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда 6 айга жете турган дары-дармектердин запасы бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов билдирди.

Анын маалыматына караганда, учурда облуста 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын запасы бар. Кара-Суу районунда 29 жерде 1087 орундуу күндүзгү стационарлар жана 5 жерде 173 орундуу изолятордук дарылоо мекемелери иш алып барууда.

Эске салсак, ушул жылдын 20-июлуна карата Ош облусунда 5700 керебеттүү 300гө жакын күндүзгү стационардык мекеме ачылган.

Количество просмотров: 101