• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто 9-июлдан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

7 Теке 2021 18:10 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы Ош шаарынын аймагында Ош шаардык кеӊешине депутаттарды кайра шайлоо күнүнө байланыштуу 9-июлдан 12-июлга чейин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун укук коргоо кызматкерлери камсыз кылат. Милиция кызматкерлерине бул багытта ички иштер органдарынын ардагерлери элдин кошуундун мүчөлөрү жардам беришет.

«Элдин коопсуздугун сактоо, шайлоо процессинин эрежелерин, мыйзамдуулукту бузууларга тез арада ыкчам аракеттерди көрүү үчүн кошумча 10 ыкчам-тергөө жана документтештирүү топтору түзүлдү. Андан сырткары, кошумча резервдик күчтөр даярдалды»,-деп айтылат маалыматта.

Эртеӊ, 8-июлдан баштап 300дөн ашуун кызматкер Ош шаарынын аймагындагы шайлоо участокторун жана андагы шайлоо бюллетендерин кайтарууга алышат.

Количество просмотров: 196