• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто аскер кызматкери өз жанын кыйды

18 Жетинин айы 2019 9:12 Бишкек Govori.TV

 Ош шаарындагы №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жүргөн аскер кызматкери өз жанын кыйды. Анын асылып турган сөөгүн 17-ноябрда жакындары үйүнөн табышкан.

«Сержанттын сөөгү бүгүн эртең менен ата-энесинин үйүндө табылыптыр. Учурда анын өлүмү боюнча Ош шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», -деп билдирди Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева.

 Кошумчалай кетсек, бул ай ичинде Башкы штабдын офицери жанын кыйган экинчи факты. 10-ноябрь күнү Кой-Таштагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицердин асынып турган сөөгү өзү жашаган кызматтык үйүнөн табылган.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.

Количество просмотров: 91