• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

28 Аяк оона 202010:55 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 28-сентябрь күнү саат 02:32де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Алай районундагы Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Количество просмотров: 95