• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ошто кош бойлуу аялынын өлүмүнө шектелген адам 2 айга камакка алынды

26 Тогуздун айы 2020 17:12 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында кош бойлуу аялынын өлүмүнө шектелген адам 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн аймактык маалымат булагы “Turmush” басылмасы 26-октябрда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин жазып чыкты.

Маалым болгондой, 24-октябрь күнү Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырды. Ал адам Бишкектен кармалып, Ошко жеткирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кылмышка шектүү 20-октябрда саат 13:00 чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде аялына жана кайын энесине кол салып, ур-токмокко алган. Анын кесепетинен аялы 22-октябрда үйүндө каза болгон. Ал эми кайын энеси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Маркум келин Р.М. 29 жашта болчу. Ал жакында көз жармак. Шектүү 1988-жылы туулган А.А. алгачкы көрсөтмөсүндө мындай оор кылмышына мастыгы себеп болгонун айткан. Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери башталды.

Теги:
Количество просмотров: 68