• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлүмү: Кылмышка шектелип кармалгандар кимдер?

16 Үчтүн айы 2023 12:21 Бишкек Govori.TV

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кылмыштуу чөйрөдө өз ара териштирүү иштери болуп, анын натыйжасында коомго резонанс жараткан окуялар орун алууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда өткөн маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

«2022-жылдын 12 январынан 13-январына караган түнү саат 01:15 чамасында Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө орун алган банкынын капталындагы аялдаманын аркасында белгисиз адамдар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган А.Н.дин денесине миздүү курч нерсе менен бир нече жолу жаракат келтиришип, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып качып кетишкен. Натыйжада А.Н. алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Бул жаран мурда каракчылык жана денеге оор залал келтирүү кылмыштарын жасагандыгы үчүн кылмыш жообуна тартылган. Андан сырткары, ал баңгизат каражаттарын саткандыгы үчүн ички иштер органдарынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын баңгизат сатып жүргөндүгү боюнча ири өлчөмдөгү баңгизатын алуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан.
Сырткы видео байкоо камеранын тасмасын көргөн учурда ага карата шектүүлөр бет маңдайына (чекесине) жана бутуна уруп денесине оор залал келтиргендиги көрүнүп турат. Азыркы мезгилде жабырлануучу Ош шаарынын клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.
Бул фактылар боюнча 2023-жылдын 13-январында, Ош ШИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына материалдар катталып тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Адам өлтүрүү), негизинде кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган. Аталган кылмыш каатталгандан кийин, дароо эле ички иштер органдарынын атайын планынын негизинде республика баардык аймагы боюнча кылмышкерлерди кармоо боюнча масштабдуу деңгээлде ыкчам иш-аракеттер көрүлдү. Кылмыштын изи сууй элегинде бетин ачуу максатында ички иштер органдары тарабынан республиканын аймагында атайын планга ылайык иш-чаралар киргизилип аймактарда стационардык жана мобилдик посттор коюлуп иш-чара жүргүзүлдү. Кылмыш ишинин алкагында иш-чаралар жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн жана алардын жакындарынын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, автоунаалар жана унаалардагы жүргүнчүлөр текшерилди. Өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар кылмышкерлерди кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте уланууда», — деди ал.

Абдиев адам өлүмүнө шектелип кармалгандар боюнча маалымат берди.

«Резонанстуу кылмышка тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча: Кылмыш иши боюнча шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун Кенже-Кул айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын каттоосунда УКТнын лидери катары турган 1971-жылы туулган Досонов Кадырбек Акбарович (кылмыштуу чөйрөдө каймана аты Дженго) 13 январь күнү кармалып, Ош ШИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде бөгөт коюу чарасы катары эки айга камакка алуу түрү тандалды. Ошондой эле, ИИМдин атайын каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган: Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 1995-жылы туулган Раимберди уулу Акылбек, Ош шаарынын тургуну, мурда алдамчылык, бейбаштык фактылары менен кылмыш жообуна тартылган 1995-жылы туулган Коргонбай уулу Элеман, Ош шаарынын тургуну, мурда адам өлтүрүү, опуза-талап, денеге оор залал келтирүү, тоноо кылмыштары менен кылмыш жообуна тартылган, 1990-жылы туулган Шакир уулу Курсантбек, Ош облусунун Өзгөн районунун Шамал-Терек айылынын тургуну, мурда каракчылык тоноо кылмыштары менен соттолгон, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек Камчыбекович, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, мурда каракчылык, мыйзамсыз курал-жарак сактоо, уурулук кылмыштары менен кылмыш жообуна тартылган 1992-жылы туулган Абдибали уулу Актилек милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Мындан сырткары, КР ИИМдин атайын каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, мурда соттолгон, 1999-жылы туулган Асан уулу Эрбол азыркы учурда издөөдө», — деди Абдиев.

Количество просмотров: 5557