• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Оштогу унаа кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды

6 Бештин айы 20188:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.12.2018. Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Тай айылындагы жол кырсык адам өлүмү менен коштолду. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эки адам мерт кеткен. Алардын бири — Кытай Эл Республикасынын жараны экени анык болду.

Жол кырсык Ош–Сары-Таш унаа жолунда 5-декабрда саат 16:30 чамасында «Тойота» менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда болгон. Жабырлануучулардын бири оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде көз жумган.

Башка жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Бирок дарыгерлердин аракетине карабастан экинчи жабырлануучу — Кытайдын 1967-жылы туулган жараны Л.Ж. ооруканада үзүлгөн.

Учурда бул окуя боюнча экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: Turmush

Количество просмотров: 18