Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлер менен жолугушуусунда «Базарды коопсуз жайга көчүрөбүз. Бул нерсе дагы кайталанышы мүмкүн. Дагы кайталанбайт деген кепилдикти эч ким бере албайт. Жаңы базардан жайларды алып, коопсуз соода жүргүзөсүңөр” , — деди. Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын айланасындагы бардык мыйзамсыз курулуштар алынарын билдирди.
Селден жабыркаган соодагерлерге мамлекет жардам берерин айтып, тартиптүүлүк да маанилүү экенин кошумчалады.
“Анализдеп көрсөк, селден жабыр тарткандардын көбү мыйзамды сактабагандан болгон. Керектүү эмес жерлерге дүкөндөрдү, көпүрөлөрдү куруп жана бийликти укпагандан ушул нерсе келип чыкты. Эми мындан ары баары мыйзамдын чегинде болот”, — деди Ташиев.