• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Оштун коменданты: Жалган маалымат тараткан эки жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды

7 Чын куран 202013:04 Бишкек Govori.TV

Ошто жалган маалымат тараткан эки жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

«Коменданттык саат жана өзгөчө абал кирген мезгилде жалган маалымат тарткандарга эскертүү гана берилген. Ал эми 3-апрелде чыккан жаңы мыйзамдын негизинде адамды дүрбөлөңгө салгандарга дароо чара көрүлүп, иш козголуп жатат. Бүгүнкү күндө 2 жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды», — деди комендант.

Ошондой эле Нурдинов элди туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырды.

Количество просмотров: 133