• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Оштун мэри орус паспортун алганбы?

19 Жетинин айы 2018 15:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV

Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов орус паспортун алган деген маалымат тарады. Кош жарандуулук алып жүргөнү боюнча маалымат Facebookтагы  Компр.KGге   жарыяланып, Таалайбек Сарыбашевди мамлекеттик  кызматта иштөөгө толук укугу жок деп маалымат берилген.
Ал жерде Таалайбек Сарыбашовго тиешелүү делген Орусиянын паспортунун серия номери жана өздүгүн аныктоочу маалыматтар жазылган.
Ал эми биз бул маалыматтын чын бышыгын билүү максатында Ош шаарынын мэринин пресс-кызматына байланышканыбызда алар бул маалыматтын чындыкка коошпой турганын айтты.
Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров,
«Чындыгында социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин орус паспортун алган деген маалымат тарады. Ал маалыматтар менен биздин кабарыбыз бар. Шаар мэри өзү дагы уккан бул боюнча. Бирок айтылган маалыматтар  чындыкка дал келбейт. Бирок Россияга барып,мигрант болуп иштеп келгени чындык. 2002-2004-жылдары ал жакта иштегени анык. Бирок Орусиянын жарандыгын алган эмес.   Айтылган маалыматтар толук түрдө чындыкка дал келбейт. Ал эми таратылган документтер боюнча эч нерсе айта албайбыз. Азыр техниканын өнүгүп-өсүп турган учуру. Эч кандай Орусиянын жарандыгын албаганын мэр өзү тастыктап жатат. Буга чейин ал аким,губернатор болуп иштегени белгилүү. Мэр болгондон кийин ушундай маалыматтар чыгып жатат.  Буга ким кызыкдар болуп жатканын билбейбиз”,-деп жооп берди Абсатаров.

Ал эми  «T-MEDIA»  сайты бул боюнча изилдөө жүргүзгөн.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=60&v=BIjvLXWSBzE

 

Эскерте кетсек,кыргызстандын мыйзамында кош жарандуулукка уруксат берилген эмес.

 

 

 

Количество просмотров: 30