• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Отунбаева Жогорку Кеңеш Текебаевдин маселесин көтөрбөгөнүнө өкүндү

21 Бештин айы 201812:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.12.2018.Govori.TV.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрбөгөнүн сынга алды.

Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты. Парламентаризмди өнүктүрүүгө Текебаев сыяктуу салым кошкондор аз экенин белгиледи:

«Бул мааракенин жүрүшүндө Текебаевдин маселеси көтөрүлүшү керек болчу. Президент Текебаев боюнча соттун баардык баскычтарында чечим кабыл алынып калганын айтууда. Бирок ага карата сот кандай жүргөнүн билебиз. Жада калса акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк берилген эмес», — деди Отунбаева.

Экс-президент Текебаевди эртең эле бошотуу жөнүндө сөз болбосо да, ага актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин кошумчалады.

19-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, себеби соттун баардык инстанцияларынын чечими чыгып калганын, бирок мыйзам боюнча ага мунапыс бере аларын айткан.

Бирок Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айып негизсиз экенин, андыктан ырайым суроого негиз жок экенин белгилеп келе жатышат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов «Коррупция» беренеси менен айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыр алар түрмөдө.

Теги:
Количество просмотров: 94