• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Ильяз Сансызбаев камакка алынды

24 Теке 202412:52 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Ильяз Сансызбаев да УКМК тарабынан кармалды. Ал кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен шектелүүдө.

Ильяз Сансызбаев дагы Ош шаарынын сотунун токтомунун негизинде 2025-жылдын 18-сентябрга чейин камакта калтырылды.

И. Сансызбаев мурда Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Теги:
Количество просмотров: 269